Милициянын мурдагы кызматкери журналистти улутуна карап кемсинтип, коркутту

Дисклеймер: Кызыкчылык кагылышы болбошу үчүн материалдын каарманы Александра Ли «Клооп» менен кызматташкан адам экенин эске салабыз.

Журналист Александра Ли кошунасы коркутуп жатканын билдирди, анын айтымында, ал милициянын мурдагы кызматкери. Бул окуяны Александра Ли Фейсбук барагында жазды.

«Мунун баары кадимки эле “сен менин машинамды чийип кеттиң” деген [кыйкырык] кемсинтүү жана унааңды көрсөт деген негизсиз талаптардан башталган. Мен ага эгер биз (мен же менин күйөөм, экөөбүз бир машинаны айдайбыз) зыян келтирген болсок баарын төлөп беребиз дегем, бирок мага кыйкырып башташканы үчүн алгач милиция чакырабыз дегем. Антип айтканым ага жаккан жок: ого бетер кыйкырып, кемсинте баштады», — деп жазды журналист.

Ошондой эле Александар Ли кошунасы аны улутуна карап кемсинткенин, колунда аны тастыктаган экспертизанын корутундусу бар экенин айтты. Экспертиза журналисттин кошунасынын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун, ошондой эле улутка карата «жек көрүү жана сабырсыздыктын» лингвистикалык белгилери бар экенин көрсөткөн.

«Улутума карап кемсинтип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен коркутушту! (“Х*й сордурам”, — деди кошунам). Андан кийин бизди жашаган үйүңөрдөн көчүрүп, күйөөмдү болсо башын чыгара чабабыз деген коркутуулар боло баштады», — дейт журналист.

Анын айтымында, кошунасы мындан бир жыл мурда дагы аны кемсинтип, ага түкүрүп, унаасын өрттөп саларын айтып коркуткан. Ли ошол учурда милиция ишти «бат эле ым-жым кылып» койгонун белгиледи. Анын айтымында, кошунасы мурда укук коргоо органдарында иштеген, учурда Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам көрсөтүү кызматынын адвокатурасында иштейт.

Материал жарык көрөрдө Бишикек милициясы комментарий үчүн жеткиликсиз болду.