Ош: Милиция шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратын эки киши атайын өрттөп кеткенин билдирди

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратын эки киши өрттөп кеткени аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 30-мартта «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү башкармалыгынын имаратынын бир бөлмөсү жана чатыры 21-март күнү таңкы саат 05:30да күйүп кеткен.

Анын себеби адегенде электр энергиясынан экени айтылып, тергөөнүн жүрүшүндө эки белгисиз киши өрттү тутандырып кеткени аныкталган. Алардын аракети башкармалыктын жанындагы имараттын видео байкоо камераларына түшүп калган.

Милициядан учурда окуя боюнча «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, күбөлөр суракка алынып жатканын билдиришти. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүнөн кийин кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин имараттын өрттөлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарда тарап, аны прокуратура баштаган текшерүү менен байланыштырышкан. Бирок көзөмөл органынан мындай божомолдорду четке кагышты.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Башкы прокуратура шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козгогон.

Прокуратуранын текшерүүсүндө, аталган башкармалыктын кызматкерлери эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган эсептерге жалпы 1 млн 905 миң 987 сом акча каражатын мыйзамсыз которушканы маалым болгон.