Ошто 19 банкоматты тоноого шектелип эки киши кармалды

Ош жана Жалал-Абад облусунда 19 банкоматты талкалап, ичинен акчасын урдоого шектелип эки киши кармалды. Бул тууралуу 30-мартта Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 2022-жылдын январь айынан, 2023-жылдын февраль айына чейин Ош шаарында, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 19 банкоматты тоношкон.

Шектүүлөр. Сүрөт: Ош ШИИБи

Кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургундары кармалган. Шектүүлөр тергөө иштери аяктаганга чейин Ош шаардык №5 тергөө изоляторунда болот. 

«Экөө теӊ мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан. Кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдошот», – деп белгилешти Ош ШИИБнен.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Автор: Бурулсун Джумалиева