Стереотипти буздум. Сибирлик ширетүүчү Бишкекке келип тырмак адиси болду

Саня Сибирдеги заводдордун биринде ширетүүчү болуп иштечү, бирок былтыр Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация башталганда Бишкекке келе берген. Кыргызстанда ал турмушун түп отунан өзгөртүүнү чечип, маникюр жасаганды үйрөнгөн.

Азыр болсо «район баласы» Саня маникюрчу «Мистер Френч» катары таанымал.