Айдаркен: Айлык маселесинен улам сымап комбинатынын жумушчулары иш ташташты

Айдаркендеги сымап комбинатынын жумшчулары. Сүрөт: Тоо-кен металлургия кесиптик кошууну.

31-мартта Айдаркендеги сымап комбинатынын жумушчулары эки айдан бери айлык төлөнбөй жатканын айтып, жапырт иш ташташты. Бул тууралуу Тоо-кен кесиптик кошууну борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер январь жана февраль айынын маянасын толук төлөп берүүнү талап кылып, эскертүү иретинде акция өткөрүштү.

«Комбинатта буга чейин январь, февралда мурдагы айлыкты төлөө талабы менен акциялар өткөн. Натыйжада айлык акынын айрым бөлүгү төлөнүптүр. Бүгүнкү күнгө чейин жумушчуларга февраль үчүн маяна төлөнө элек. Комбинаттын карызы 12 миллион сомдон ашат», — деди ал.

Тажибаев учурда комбинатта 600 адам иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, кызматкерлер техникалык каражаттын тетиктери, керектүү жабдуулар, жумушчулардын кийим-кече, коргонуучу каражаттары да кечиктирилип жатканына нааразы болушууда.

«Кесиптик кошуун “Дуваташ” ишканасынын жетекчилигинен жумушчуларга айлык төлөп берүүнү талап кылып жатат. Ошол эле учурда кошуундун мүчөлөрү жумушчуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өндүрүштү жандандырууга чакырууда», — деди ал.

«Дуваташ» ишканасы Кадамжайдагы сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинатында башкы инвестор катары аталып жүрөт. Салык кызматы өткөн жылы ишкананы салык боюнча карызы көп компаниялардын тизмесине кошкон — ишкананын карызы 44 миллион сомду түзөт.

Тоо-кен металлургия кесиптик кошуунунан «Дуваташ» ишканасына зарыл жардам көрсөтүү өтүнүчү менен мамлекеттик органдарга кайрылганын кошумчалашты.

Ал эми Баткен облустук администрациясынан «Клоопко» жумушчулар иш таштады деген маалыматты четке кагып, ишкананын жетекчилиги менен кызматкерлердин ортосунда сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Мекемеден комбинаттын жетекчилиги 10-апрелге чейин жумушчулардын маянасын төлөп берүүнү убадалаганын белгилешти.

Автору: Бурулсун Жумалиева