![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/03/Alkoni-rt-1.jpg)
Бишкектеги «Алькони» тамак-аш азыктарын өндүргөн заводдон ири өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу 31-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт тууралуу маалымат түнкү саат 03:10 чамасында түшкөн. Жерине ӨКМдин кызматкерлери барып, саат 05:55те тилсиз жоо чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү аракети уланууда. Өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзгөнү айтылды.