«Алькони» ишканасына антисанитардык шарттары үчүн 36 миң сом айып салынды

Сүрөт: «Не сахар» долбоору

«Алькони» ишканасына тамак-аш азыктарын өндүрүүдө санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айып салынды. Бул тууралуу 9-ноябрда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Не сахар» долбоорунун резонанстуу чыгарылышынан кийин көзөмөл борбору Экономика жана коммерция министрлигине кайрылуу жөнөтүп, кесме жана суусундук чыгарган заводдо текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында, мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, ишканага 36 миң сом айып пул салынган.

Ошондой эле көзөмөл кызматынан, аталган завод Эркин экономикалык аймакта жайгашканына байланыштуу Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын текшерүү жүргүзүүгө укугу жок экенин кошумчалашты.

«Комбинаттын экинчи филиалы 2021-жылы гана каттоодон өткөндүктөн текшерилген эмес. Ал эми мыйзам боюнча атайын багыттагы объекттерди текшерүүнү ал ачылгандан 3 жыл өткөндөн кийин гана жүргүзүүгө болот, мында ишканага расмий билдирүү келип турат», — деп билдиришти.

«Не сахар» долбоорунун чыгарылышы

Октябрь айында «Не сахар» долбоору «Алькони» тамак-аш азыктарын чыгарган ишкананын санитардык абалын текшерүү үчүн барган

Анда өзүн аталган ишкананын күзөтчүсү деп тааныткан киши журналисттерге каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн. Берүүдө ишканада санитардык эрежелер сакталбаганы аныкталган.

Буга чейин «Не сахар» долбоору Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесиндеги антисанитардык абалды чагылдыруу менен коомчулукта резонанс жараткан. Бул чыгарылыштан кийин аталган кафенин ишмердүүлүгү токтотулган.

«Не сахар» долбоору 2018-жылы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталып түзүлгөн. Анда азык-түлүк дүкөндөрү, ишканалар жана коомдук тамактануучу жайлардын санитардык нормаларга шайкештиги текшерилет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды