Эми Бишкек жана Ошто ВИЧке карата тесттерди үйгө акысыз онлайн буюртма берүүгө болот

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек жана Ош шаарларында ВИЧти аныктай турган экспресс-тесттерди буюртма берүү үчүн онлайн кызмат ишке кирди. Бул тууралуу 30-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбору билдирди.

Тесттерди буюртма кылуу акысыз. Долбоордун максаты — ВИЧ эпидемиясын көзөмөлдөө үчүн экономикалык жактан натыйжалуу жана туруктуу программаны түзүү.

ВИЧке карата тестти бул шилтеме аркылуу буюртма берүүгө болот.

Тестирлөө үчүн топтомдо шилекей аркылуу ВИЧ тести, окуу материалдары, ВИЧтин алдын алуу каражаттары жана андан аркы кызматтар үчүн кайсыл даректерге кайрылса болору жөнүндө маалымат бар.

ВИЧке өз алдынча кантип туура текшерилсе болору жөнүндө видео нускаманы бул шилтеме аркылуу кирип көрсө болот.

Эгер тест оң натыйжалуу чыкса, республикалык «СПИД» борборуна кан тапшыруу абзел. Экинчи текшерүүдө дагы ошондой эле натыйжа болсо, «СПИД» борбору тарабынан акысыз дарыланууга болот.

Кыргызстанда иммун жетишсиздиги вирусун (ВИЧ) жуктуруп алуудан коргонуучу бир топ ыкмалар жеткиликтүү экенине карабастан, жуктуруп алган адамдар жыл сайын көбөйүүдө.

Республикалык «СПИД» борборунун 2023-жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, өлкөдө ВИЧтин 12 417 кумулятивдик учуру катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми бир нече облуста ВИЧке өз алдынча барып оңой эле текшерилсе болот