Өкмөт жаңы түзүлгөн «Кыргызфармация» мамишканасына 500 млн сом кредит бөлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы ишкананы түзүү чечими калкты жана мамлекеттик дарылоо мекемелерин жеткиликтүү баадагы дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоого жаңыча ыкманы ишке ашыруу үчүн кабыл алынган.

Минкаб Финансы министрлигине 2023-жылы «Кыргызфармация» ишканасына 500 млн сом өлчөмүндө бюджеттик насыя бөлүүнү тапшырды. Эмгек акы төлөө фонду 2023-жылга 30 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Буга чейин 2022-жылдын декабрында саламаттык сактоо министри Гүлнара Батырова «Кыргызфармация» ишканасын түзүү планы бар экенин айткан болчу. Ал «Парламент» радиосунун эфиринде «Кыргызфармация» ишканасы түзүлгөндөн кийин дары-дармектерди компаниялардан түз сатып алууга болуп каларын билдирген.

Баатырова ар бир сатып алынган дары-дармек электрондук база аркылуу көзөмөлгө алынарын да кошумчалаган.