Президент Улуттук онкология борбору жана балдар ооруканасынын бейтаптарынын дарыларын акысыз камсыздоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров Улуттук онкология жана гематология, Улуттук эне жана баланы коргоо жана Улуттук фтизиатрия борборлорундагы бейтаптардын ата-эне жана туугандарынан дары-дармек үчүн акча албоону тапшырды. Бул тууралуу 1-апрелде президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде өлкө башчысы Бишкектеги бир катар ооруканаларга пландан тышкары текшерүү үчүн барган. Анда ооруканалардагы шарттар, дары-дармектер боюнча бир нече талаптар коюлган.

Аны менен катар Султанбаев видео жарыялап, анда Жапаров бейтаптан кайсыл дарыларды акысыз, ал эми кайсыларын сатып алганын сураган. Ал эми бейтаптардын бири ооруканада 17 күндөн бери жатып, бирок бир да жолу акысыз дары албаганын айтканын көрүүгө болот.

Ага жооп катары Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү колдо бар дарыларды бекер берип жатканын, жетпей калгандарын сатып аларын, буга чейин тендерлер жарыяланганын айтышкан.

«Бейтап 17 күн бекер дары ала албаса, биз эмне мамлекетпиз? Эмнеге мамлекеттик ооруканабыз анда? Баарын тендерге шылтабагыла. Убакыттын өтүшү менен биз бул балээден кутулабыз, азыр биз бул багытта бара жатабыз. “Тендердик мафия” деген нерсе бүтпөс болду», — деп билдирди президент.

Өткөн жылдын апрелинде Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине интервью берип, тендердик системаны жоюу жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун билдирген. Анда президент документ бир айдан кийин күчүнө кирерин айткан.

Ал эми октябрь айында президенттин администрациясынын сайтында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жарыяланган.

Бул боюнча Эл аралык валюталык фонду «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр, тактап айтканда, атаандаштык тендердик процедураларды алып салуу — «сатып алуулар системасындагы бейтараптуулуктун жоголушуна жана коррупциялык тобокелчиликтердин көбөйүшүнө алып келет» деген бүтүм чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЭВФ: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү — коррупцияны көбөйтөт