Президенттин администрациясында иштегендердин саны 72ге кыскарып 259 адам калды

Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаты оптималдаштырылып, андагы кызматкерлердин саны 72ге азайды. Бул тууралуу 3-апрелде мекеменин өзүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим президенттин тапшырмасы боюнча аткарылган. Ага ылайык, кыскартуудан кийин жалпы штаттык сан 259 адамды түздү.

«Чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында бул чечим кабыл алынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Жүктөлгөн тапшырмаларды рационалдуу аткаруу максатында айрым бөлүмдөр бириктирилип, кээ бир кызматтар жоюлганы кошумчаланат.

Factchek.kg басылмасы «Ачык бюджет» порталындагы маалыматка таянып, 2022-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин президенттин администрациясынын чыгымы 1 миллиард сомдон ашканын жазган. Бул сумма пландалгандан 7 эсе көп экендиги айтылган.

Бул акча кыргыз президентинин аппаратын каржылаганга кеткен акыркы бир канча жылга салыштырмалуу рекорддук өлчөмдөгү каражат болгон.

Аталган сумманын кайсыл жактарга коротулганы боюнча басылмасынын түзгөн рейтингинде кызматкерлердин айлык акысына дээрлик 308 млн сом жумшалган. Бул чыгымдар да пландалгандан 3,6 эсеге көп болгону көрсөтүлгөн.

Ошондой эле 2022-жылы Садыр Жапаров «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна административдик комплекс курула баштады