«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна административдик комплекс курула баштады

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик мааниге ээ жаңы административдик комплекс курула баштады. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы кабарлады.

Ал жактан «Манас айылы» комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын айтышты.

«“Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык. Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы” менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда», — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт.

«Келечекте "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Бийлик мейманкананы сүрдүрүүнү пландап жатканы 2021-жылдын декабрында белгилүү болгон. Анда, президенттин администрациясы «Ысык-Көл» мейманканасын пайдалануу «кооптуу жана мүмкүн эмес» деп айткан.

Тема боюнча: Жапаров: Казинону Кыргызстандын бардык аймагына ачабыз

Акылбек Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачуу демилгесин колдоду