«Журналисттер туура эмес чечмелешкен». Ногойбаев өспүрүм кыздар тууралуу сөзү үчүн кечирим сурады

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 3-апрелде анын отставкасын талап кылган митингди чагылдырууга барган журналисттердин алдында билдирүү жасады. Митингге чогулгандар Ногойбаев алардын алдына чыгышын талап кылышкан, бирок ШИИБдин жетекчиси аларды жыйындар залына чакырган.

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев, түз эфирден скриншот.

Ногойбаев журналисттердин алдындагы билдирүүсүндө «эмне деп айткан сөзүн аңдап турарын, ал үчүн жоопкер экенин» билдирди. Анткен менен журналисттер анын сөздөрүн туура эмес чечмелешкен деп эсептейт.

«Жашы жете электерди айыптагым келген эмес. Жашы жете электер үйдөн кеткенде издөөдө болуп, зомбулукка кабылып, жыныстык катнашка болуп калып аткан фактылар бар экенин жеткиргим келген. Ошондон улам ушундай кылмыштар болуп кетип жатат. [...] Мен сиздерди менин айткандарымды бурмалабоого, туура эмес чечмелебөөгө, ошону менен коомчулукту адаштырбоого чакыргым келет», — деп билдирди Ногойбаев.

Ногойбаев укук коргоо органдарында иштеп жатканына 20 жылдан ашып калганын жана «эч качан жашы жете электерди кылмыш кылууга айыптап, кылмышкерлерди жаап-жашырбасын» билдирди.

«Эгер менин сөзүмдө катачылык кеткен болсо, мени кечирип коюңуздар», — деди ал.

Журналисттердин Ногойбаев менен жолугушуусуна катышкан «Кылым Шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Гүлшайыр Абдирасулова милициянын башчысы буга чейин өзүнүн айткан сөздөрү менен «зомблукка жол ачып койгонун» билдирди. Бүгүнкү күндө ушундай билдирүүлөр болуп атса зомбулукту токтотуу кыйын болуп калат деп эсептейт ал.

«Сиз эми факт болуп калды да, зомбулуктан жабыркагандар өздөрү [зөөкүр менен жыныстык катнашка барууну] каалайт дедиңиз да. [...]Сиз азыр “Зыян тийгизбе” деген эң башкы принципти буздуңуз! Сиз [31-марттагы] билдирүүңүз менен бүткүл Кыргызстанга зомбулуктан жабыркагандар өздөрү ошону каалайт деп бир нече жолу айттыңыз. [...] Сиз [кылмышкерлерге] жашыл коридорду ачып бердиңиз. Ошону көңүлгө алыңыз, өзүңүзгө жоопкерчилик алыңыз. Сиз укук коргоо тармагындагы эң ири мекемелердин бирин жетектейсиз, биз сиздерге муктажбыз, сиз болсо жабыркагандар өздөрү ошону каалайт деп жатасыз», — деп билдирди Абдирасулова.

Ногойбаев «“өздөрү” деген сөздү жеке туюмуна таянып айтканын», аны болсо журналисттер жарыялап, «коомчулукту дүрбөтүштү» деп жооп берди.

«Азыркы учурда мен кесиптештериме жашы жете электерге карата тегерек столдорду өткөрүү тапшырдым. Албетте эгер туура эмес сүйлөп алсам кечирим сурайм, бирок дал ошол “өздөрү” деген сөзүм мен үчүн [сабак] болду деп эсептейм. Мен болгону өз сөзүмдү айттым, юрист катары эмес», — деп билдирди Ногойбаев.

Журналисттер андан укук коргоочулар анын оставкасын талап кылып жатышканын, ал кызматтан кетүүгө даярбы деген суроосун узатышты. Ногойбаев бул маселе талкууланбаганын айтып жооп берди — анын айтымында, ИИМ анын билдирүүсү боюнча текшерүү дайындаган.

Ногойбаев жашы желе элек кыздар жөнүндө эмне деди эле?

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 31-марттагы маалымат жыйынында журналисттердин зордуктоого кабылгандан беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроосуна жооп берип жатып, жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатат деп билдирген.

Ногойбаев анда милиция мындай кылмыштарды каттап, иликтөө учурунда жашы жете элек кыздар чоң кишилер менен жыныстык катнашка барууга өздөрү макул болуп жатканы аныкталат деп бидирген.

«Акыркы убактарда дайынсыз жоголгон кыздар бирөөлөр менен таанышып, анан ыктыярдуу түрдө алар менен жатып, ошондон кийин ушул сыяктуу окуялар келип чыгат. Албетте, жашы жете элек өспүрүмдөр менен жыныстык катнашта болууга жоопкерчилик каралган, андыктан эч ким жазасыз калбайт. Жада калса өз жанын кыйган кыз да турмушка чыккысы келген, бирок ал жашы жете элек болгондуктан, ушундай жагдай болуп кетти», — деп айткан Ногойбаев.

Бирок жаты жете элек кыздар жыныстык катнашка макул боло албайт — көп учурда мындай кылмыштар чоң кишилердин мажбуру менен же зордуктоо аркылуу болот. Бул тууралуу мыйзамдарда да, укук коргоочулардын билдирүүлөрүндө да айтылып келет.

Тема боюнча окуңуз: Өспүрүмдөрдүн зордуктоого кабылышы тууралуу Бишкек ШИИБдин башчысынын билдирүүсү териштириле баштады