Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн «Принцесса Дури» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: ИИМ

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген «Принцесса Дури» интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаттар үчүн күрөөчүлөрдү сабап, кечирим суратууга мажбурлаган топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 4-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-мартта соцтармактарда күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видеолор жарыяланып, коомчулукта талкууга түшкөн.

Анда жарандар өздөрүн «милиция кызматкерлерибиз» деп тааныштыруу менен күрөөчүлөрдү ээн жерде сабап, «Принцесса Дури» аталышындагы интернет-дүкөндөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Ошондой эле бул көрүнүштү камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы аталган иш боюнча иликтөө жүргүзүп, анын алкагында 3-апрель күнү 22, 23, жана 19 жаштардагы үч жаранды кармаган.

Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, буюм далилдер алынган. Учурда баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы интернетте мыйзамсыз жүгүртүүгө коюлган 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, 10го жакын баңги каражаттарын иштеп чыгарган лаборатория жоюлган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизат табылды

Бишкек: Милиция кызматкери РИИБнын сактоочу жайынан 33,8 кг баңгизат уурдаган