Бишкектеги Башпрокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна бизнес борбор курулат

Бишкектин борборундагы Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна бизнес борбор куруу пландалып жатат. Бул тууралуу 4-мартта «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Долбоордун жетекчиси Нурбек Болатбековдун айтымында, калаа мэриясы «Шаако» фирмасына жерди 5 жылдык мөөнөткө ижарага берген.

«Фирма эскиздик долбоор боюнча сынак өткөрдү. Сынакты “Рыско” ЖЧКсы “Центр Модулор” ЖЧКсы менен биргеликте жеңип алды. Мурдагы Башкы прокуратуранын ордунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтка заманбап административдик комплекс куруу пландалууда. Бизнес борбор 25 кабаттан жогору болуп, анда кеңселер жана коммерциялык объектилер жайгаштырылат», — деди ал.

Бизнес борбордун эскиздик долбоору. Сүрөт: «Кабар».

Ал эскиздик долбоордун документи жакын арада «Бишкек башкы архитектуранын» кароосуна жиберилерин кошумчалады.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров долбоор менен таанышып, ал «узакка созулуп кеткен курулуш болбошу керек» экенин айткан. Ал «анын тегерек четиндеги имараттар бирдиктүү композицияны түзүшү керектиги» белгилеген.