Ош: Көчөдө жарамазан айткан балдардын ата-энелерине айып салынды

Ошто түнкүсүн көчөдө жарамазан айтып жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелерине айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ШИИБи 4-апрелде билдирди.

Милициядан Орозо айынын келиши менен «жарамазанды шылтоолоп кайырчылык кылгандар көбөйүп кетет» деп билдиришти.

«Айрым замандаштарыбыз бул айдагы адамдардын кайрымдуулукка жасаган аракеттеринен пайдаланып, жарамазанды акча алуунун жолуна айландырып келишет. Өзгөчө ата-энелери тараптан тиешелүү көзөмөлү жок жаш балдар кечкисин жана түнкүсүн коомдук тамактануучу жайларга баш багышып, жаразаманды шылтоолоп кайыр сураганга өтүп алып жатышат. Андан сырткары токтой калган машинага жүгүрүшүп, акча сураган учурлары дагы кездешүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Мындан улам ШИИБдин кызматкерлери рейд өткөрүп, анда жарамазан айтып жүргөн 14 бала аныкталган. Мындан сырткары түндө кароосуз жүргөн жалпы 116 өспүрүм кармалып, анын 53ү Оштогу балдардын реабилитациялык борборуна алып барылган.

Ал эми жарамазан айткан 14 баланын ата-энесине кароосуз калтырганы үчүн айып салынган.

Ош ШИИБи ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоону эскертип, аларга жарамазан тууралуу туура түшүнүк берүүнү суранды.