УКМК жана Бажы кызматкерлери катышкан мушташка байланыштуу иш кыскартылды

Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубунда УКМКнын жана Бажы кызматкерлери катышкан мушташка байланыштуу иш токтотулду. Бул тууралуу 5-апрелде Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык соттон кылмыш иши тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу кыскартылганын айтышты. Ошондой эле иш УКМК кызматкеринин эмес, мушташтын катышуучусу болгон жай тургундун үстүнөн келгенин белгилешти.

Мушташ 2-январдын түнүндө катталган, анын видеосу соцтүйүнгө тарап кеткен. Окуядан кийин блогер Ринат Усупбаев Камчыбек Ташиевге кайрылып, «мушташка УКМКнын жана бажынын кызматкерлери катышканын» айткан.

10-январда УКМК түнкү клубдардын биринде мушташкан кызматкерлерин «улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн» жумуштан алган.

Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматы мушташка аралашкан кызматкерлери жумуштан алынарын билдирген. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштогу түнкү клубда мушташкан УКМКнын кызматкерлери иштен алынды

Ош: Sky Bar түнкү клубунда мушташка катышкан бажы кызматкерлери иштен алынат