Кара-Суу: Тургундар айылдан электр чубалгыларын өткөрүүгө каршы болуп акцияга чыгышты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргызстан айылынын тургундары алардын аймактан жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын өткөрүүгө каршы болушууда. Чубалгыларды «Тойбосс» компаниясы цех үчүн алып өтүүнү пландоодо. Нааразы болгон тургундар 6-апрелде акцияга чыгышты.

Тургундар айылдагы жол тар экенин айтышып, анын экинчи тарабына мамылар орнотулса тоскоолдук жараларын белгилешти.

«Бул жолдон элдин үлүш жерлерине комбайндар, тракторлор өтөт. Баарына тоскоолдук жаралат. Азыркы турган мамылар менен эле чубалгыларды алып өтүп, бизди да ошого кошуп коюшсун», — дешти айылдын тургундары.

Чубалгыларды тартып жаткан «Байсал билд» ЖЧКсынын өкүлү Баястан Бекболот уулу долбоордун негизинде гана иш кылып жатканын айтат.

Ал эми «Тойбосс» компаниясынын Оштогу филиалынын директору Элдияр Арынов аларда мыйзам чегинде Кара-Суу райондук архитектурасынан жана айыл өкмөттөн уруксат кагаздары бар экенин айтууда.

Акцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты. Анда айыл өкмөт башчысынын орун басары элдин талабын угуп, долбоорду кайра карап чыгууну убадалады.