Ош шаарындагы көрүстөн 95 пайызга толду, мэрия жер издеп жатат

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы борбордук көрүстөндүн 95 пайызы толуп, шаар бийлиги жер издеп жатат. Бул тууралуу 5-апрелде шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 50 гектарды түзгөн көрүстөндө бир жылдын ичинде жай калбай калышы ыктымал. Көрүстөнгө алгачкы жолу 1978-жылы сөөк коюлган.

Ага ылайык, бул маселени чечүү үчүн шаар башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга көрүстөнгө кошумча жер тилкелерди табууну тапшырды.

Борбордук көрүстөндө жай азайып, кошумча жер ажыратуу зарылчылыгы жаралып жатканын Ош шаардык жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү буга чейин эле айтып келишкен.

Алар «көрүстөн алты ай же бир жылдын ичинде толуп калышы мүмкүн экенин» айтып мэрияга кат жолдошконун, бирок мындан «майнап чыкпай жатканына» нааразы болушкан.

Оштогу борбордук көрүстөнгө айына орточо онго жакын сөөк коюлат. Учурда шаарда «Кайырма-1», «Кайырма-2», «Калинин» массиви, Нооман Ата, «Коргон-Төбө, «Эдельвейс» жана борбордук көрүстөндөр колдонулууда. Ал эми толуп, колдонулбай калган жалпы он көрүстөн бар.