Бишкек: Мейманканалардын биринде үч адамдын сөөгү табылды

Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде эки кыздын жана бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу 7-апрелде «Клоопко» Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгондор калаадагы Фрунзе көчөсүндөгү конок үйлөрдүн биринен табылган. Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Каза болгон киши Азербайжандын 39 жаштагы жараны экени аныкталды. Азыркы тапта кыздардын аты-жөнү такталууда.

Бул боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.