«Менин каталарымды кайталабашы керек». Атамбаев Апрель революциясына карата президентке кайрылды

7-апрелде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Апрель революциясына 13 жыл болгонуна карата президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал ошол кездеги революция өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болгон деп эсептейт.

Ал аянтка чыккан «эр жүрөк жарандар ошол кездеги бийлик бир топ саясатчы, журналистти өлтүргөнүнө карабай, кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарса болбой турганын» далилдешти деп белгиледи.

«2018-жылдан баштап ошол кездеги бийлик апрель революциясынын жеңиштеринен артка чегинүүгө жол берген. Бирок, 2010-жылдын апрелинен убакыт бизди канчалык алыстатса, ал окуялардын өлкөнүн демократияга жана укуктук мамлекетке карай бет алууга мааниси канчалык зор болгонун түшүнгөн жарандардын саны да ошончолук өсөт деп ишенем», — деди ал.

Атамбаев президенттин айланасында «Бакиевдердин режимин актаганга аракет кылып, ошол заманга кайтууну каалагандар бар» экенин белгилеп, аларды колдобогону үчүн «Садыр Жапаровго ыраазы экенин» билдирди.

«Өлкө башчыбызга бир кеңеш берет элем: “Булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат” деп, же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө адамдарга — саясатчы, ишкер, журналист жада калса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргулдар президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат», — деди ал.

Атамбаев өлкө башчысы анын каталарын кайталабашы керек экенин, бул анын жана өлкөнүн аброюна «көлөкө гана түшүрөрүн» белгиледи. Ал оппозиция — ар бир демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экенин унутпашыбыз керек деп эскертти.

Мурдагы президент өлкөдө ийгиликтүү мамлекеттик башкаруу элдин ыктыярдуу биримдигинин шартында гана мүмкүн экенин, ага карай жол «демократия, бийлик менен жарандык коомдун, саясий партиялардын, көз карандысыз ЖМКнын тыгыз өз ара аракеттенүүсү аркылуу болот» деп белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дубнов: Атамбаевдин бошотулганы Жапаровго саясий жактан пайдалуу

Президент Садыр Жапаров Атамбаев менен Жээнбековду «элдештиргенин» айтты