Президент Садыр Жапаров Атамбаев менен Жээнбековду «элдештиргенин» айтты

Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков.

Президент Садыр Жапаров 21-февралда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жакында абактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «элдештиргенин» билдирди.

«Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти», — деди ал.

Атамбаев менен Жээнбеков 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого чейин жакын үзөңгүлөштөрдөн болушкан. Бирок Жээнбеков тактыга келгенден кийин экөөнүн ортосунда чыр-чатактар башталган.

Анда Атамбаев Жээнбековдун дарегине бир нече жолу кескин сындарды айткан. Атамбаев Жээнбековго президенттик кызматка жетүүгө дагы жардам бергенин билдирген.

Ортодо жалындаган чырдын шартында алгач Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө, андан соң мурдагы президенттин өзүнө дагы бир катар кылмыш иштери козголуп, андан экс-президенттик макамы алынган.

Атамбаев өзү 2019-жылы Жээнбековду бийлике алып келгени үчүн кечирим да сураган.

Бирок Жээнбеков президенттик кызматта мөөнөтүнүн аягына чейин отурган жок. 2020-жылдын октябрындагы окуядан кийин отставкага кетип, бийликке ошол күндөрү тарапташтарынын жардамы менен колониядан бошотулган Садыр Жапаров келген.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев журналисттерге курган маектеринин биринде 2020-жылдын октябрь окуяларын эскерип жатып, Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшырып жатканда «Атамбаевдин кишилери [бийликке] келбеши керек, Кой-Таш окуясын аягына чыгарасыңар, тигини-муну камайсыңар» деген бир нече шарт койгонун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атамбаев Жээнбековдун артынан куубасын, «аны Кудай өзү жазаларын» билдирди

«Саясатка кайра барбайм жана журналисттерге ыраазымын». Атамбаевдин абактан кийинки биринчи интервьюсу

Бакиевди сүйгөндөр күнү. Атамбаев эмнеге эркиндикке чыгарылган болушу мүмкүн?

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен

Атамбаев президент кезиндеги жетишкендиктери, кетирген каталары жана Сооронбай Жээнбеков тууралуу

«Эң биринчи досум Сооронбай Жээнбеков болчу»: Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча комментарий берди

Күндүн цитатасы: Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчысы Атамбаев тууралуу