Бир кадр менен: Жапаров борбордук мечитте намаз окуп, чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы борбордук мечитке барып, ооз ачар өткөдү. Бул тууралуу 8-март күнү кечинде анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук барагына жазды.

Ал Жапаров намазга катышып, чогулгандардын алдында «кыскача» сөз сүйлөп, аларды Рамазан айы менен куттуктаганын билдирди.

«Президент адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган бул өзгөчө учур экенин белгиледи. Дал ушул принциптер адамдарды бириктирип, боорукер, кайрымдуу кылып, көп улуттуу коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоого салым кошот», — деп жазды ал.

Султанбаев өлкө башчысы «кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын» деген тилегин билдиргенин кошумчалады.

«Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады», — деди президенттин маалымат катчысы.

Садыр Жапаров буга чейин да расмий жолугушуу же сапарлардан тышкары да эл менен жолуккан. Ал өткөн жылдын январь айында «ГУМга» соода кылганы барып, сатып алуучулар менен жолугуп, сүрөткө түшкөн.

Анда Жапаровдун соода борборуна барышы ача пикир жараткан — ошол күнү парламент Казакстандагы башаламандыктарга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулмак. Анда кыргыз аскерлери ЖККУнун чечимине ылайык Казакстанга жөнөтүлөбү же жокпу деген суроо коюлмак.

Ошол эле жылдын февраль айында Жапаров «Ош» жана «Дордой» базарына барып, эл менен жолуккан. Анда ал соодагерлерден көзөмөл-кассалык машиналар тууралуу пкирин укканы айтылган. Бирок элдин көптүгүнөн президентке арыз-муңун айта албай калгандар көп болгону кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көзөмөл-кассалык машина орнотуу. Президент «Ош» жана «Дордой» базарын кыдырды