Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келип саткандар 800 миң сомдон ашык айыпка жыгылды

Өлкөдө жыл башынан бери мыйзамсыз күйүүчү май саткан 269 учур катталып, 800 миңден сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу 8-апрелде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч ай ичинде жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткандарды аныктоо ишинин натыйжасында 19 миң 500 литр күйүүчү май мамлекеттин карамагына алынды.

Ал эми унаасына кошумча бак орнотуп, Казакстандан күйүүчү май ташып келип, мыйзамсыз саткандардын ар бири 3000 сомдон айыпка жыгылды.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы мындай башаламан, мыйзамсыз соода кооптуу экенин белгилеп, унаа кокустан жарылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти.

Мекемеден жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында бул багыттагы иштер мындан ары да күчөтүлөрүн кошумчалашты.