«Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарынын кыргыз операторлору Түркияда окуудан өтүштү

«Байрактар Акынжы» учкучсуз учуучу аппараттарынын кыргыз операторлору Түркияда окуудан өтүштү. Бул тууралуу аталган аппараттарды чыгарган Түркиянын ишканасы Twitter барагында билдирди.

«Bayraktar AKINCI UCAV’дын бүтүрүүчүлөрүнүн 8-салтанаты өттү. Бардык түрк, азербайндык жана кыргызстандык стажёрлорду куттуктайбыз, баары тең окууларын ийлигиктүү бүтүштү, эми алар Bayraktar AKINCI менен биргеликте өз мекенине кызмат өтөшөт», — деп билдиришти компаниядан.

«Байрактар Акынжы» — бул түркиялык чабуул коюучу учкучсуз учактар, аны Түркия 2021-жылы куралданууда пайдалана баштаган. «Акынжы» — сокку уруучу дрон. Жүк көтөрүмдүүлүгү 1 миң 350 килограмм, анын ичинде 400 килиограмм ички жана 950 килограмм тышкы жүктү түзөт. Дрондо ар биринин кубаттуулугу 450 ат күчүнө жана максималдуу учуу салмагы 5,5 тонна болгон эки турбовинттүү кыймылдаткычы бар.

Baykar компаниясынын продукциясы Кыргызстандын дагы куралдуу күчтөрүндө бар. Ал «Байрактар TB2» учкучсуз учуучу аппараттары. Алар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 2021-жылы алынган. Анда президенттин басма сөз кызматынан алар республикалык бюджеттеги каражатка сатып алынганын билдиришкен, бирок канча «Байрактар» сатылып алынганын жана ага канча каражат кеткени ачыкталган эмес. Кийинчерээк батыштык маалымат булактарында Кыргызстан Түркиядан үч даана учкучсуз учак алганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

2022-жылы октярбрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук барагына «Байрактар Акынжы» (Bayraktar Akıncı) учкучсуз учактарынын жанында түшкөн сүрөт жүктөп, «”Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!» деп жазган ал.

УКМК жана президенттик администрациянын басма сөз кызматы «Клоопко» бул учкучсуз учактарды Кыргызстан сатып алганбы, сатып алган болсо кандай шартта жана канча санда сатып алганы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

2022-жылы сентябрда Тажикистан Кыргызстан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ири масштабдуу куралдуу кагылышта учкучсуз учактарды колдонду деп билдирген. Бирок кыргыз тарап бул маалыматты тастыктап да, төгүндөгөн да эмес.