Зордуктоодон кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыздын агасы окуянын чоо-жайын айтты

Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте зордукталгандан беш ай өткөндөн кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыздын агасы Болотбек Жаныбек уулу карындашы милиционерлер тарабынан «манипуляцияга кабылганын» айтып берди. Бул тууралуу 10-апрелде 24.kg басылмасы жазды.

Жаныбек уулунун айтымында, 2021-жылдын ноябрында карындашынын зордукталганына байланыштуу жазган арызы «милиция тарабынан жасалмаланган».

«Болгонун болгондой бүт арыз жазып бергем. Ал бир чоң барак, анын артында да жазылган болчу. Кийин ошол арызды окусам, кыска сөздөр менен [кайра] жазылып калыптыр. Менин колум эмес», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери карындашын «5-6 жолу суракка алып, шектүүгө карата арызды кайтарып алууга көндүрүүгө аракет кылышкан». Бирок кыздын агасы кескин түрдө «тосмо арыз жазбай турганын» айткан.

«Мен акыры чыдабай кеттим. Анда суракка албай эле “экөөң кыз-жигит турбайсыңарбы, байкеңди көндүр, мен ушул балага тийем дей бер” дептир да. Карындашым эшикке чыкканда пикири такыр эле өзгөрүп калган экен. [...] “Байке, суранам, соттотпой эле коюңузчу” деп мага жалдырай баштады. “Бул ишти ачыкка чыгарбай эле коюңузчу, мен кантип жашайм, элдин жүзүн кантип карап басып жүрөм” деп өзүнүн башка чечим жолдорун айта баштады. Тигилер көндүрүп салган окшойт, ИИМде экөө дээрлик кол кармашып калыптыр», — деди Жаныбек уулу.

Жабырлануучу зордукчу бир нече убакыттан соң Москвага кетип, ал жактан карындашына басым кылып жүргөнүн белгиледи. Анын айтымында, зордукчу кызга «сенин айыңан милицияга 20 миң долларга чукул акча берип, Москвага иштегени тентип кеттим» деп айтып жүргөн.

«Анан бир күнү “болду мен сени тааныбайм, сен мени тааныбайсың” дептир. [...] Отурсам эле келип бетимен өөп, ары басты, шкафтан бирдемесин алат го деп отургам. Терезе ачылганда эле карасам, секирип кетти. Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, [...] ордуман дагы араң эле жылдым. Чуркап чыксам аябай кышылдап, күч менен дем алып аткан. Ооруканага алып бардык, эртеси жан берди», — деди ал.

Kaktus.Media басылмасы үстүбүздөгү жылы 7-апрелде укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, аталган окуя боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн дагы үч милиция кызматкери кармалганын билдирди. Алар ийинчерээк күнөөсүн моюнга алуу келишиминин негизинде бошотулган.

Башкы прокуратурадан «Клоопко» бул иш боюнча териштирүү уланып жатканын гана маалымдашты.

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 31-марттагы маалымат жыйынында журналисттердин зордуктоого кабылгандан беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроосуна жооп берип жатып, жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатат деп билдирген.

Кийинчерээк, 3-апрелде жарандар Ногойбаевдин отставкасын талап кылып митингге чыгышкан. Ал эми Ногойбаев укук коргоо органдарында иштеп жатканына 20 жылдан ашып калганын жана «эч качан жашы жете электерди кылмыш кылууга айыптап, кылмышкерлерди жаап-жашырбасын» билдирип, кечирим сураган.

13 жашар кыздын зордукталышы

2023-жылдын 7-мартында бир нече маалымат каражаты өздүк булактарына таянып, Бишкекте 13-жашар кыз зордукталган учурдан беш ай өткөн соң өз жанын кыйганын билдиришкен. Журналисттер зордуктоого шектелген киши жана милициянын эки кызматкери кармалганын дагы жазышкан.

2021-жылдын ноябрында милицияга 13 жашар карындашы жоголгонун айтып бир жигит кайрылган. Милиция кызды үч күндөн кийин тапкан — ал зордукталганы белгилүү болгон.

Укук коргоо орган кызматкерлери жабырлануучуну суракка алып, кылмыш ишин козгоп, тийиштүү экспертизаларды дайындашкан. Бирок алар шектүүнү камакка албай, ишти жаап салышкан. Ошондой эле тергөөчүлөр документтерди — «кыздын сурак берген протоколун жана экспертизанын корутундусун — жасалмалаганы» айтылган.

Ал эми 2022-жылдын апрелинде жабыркаган кыз өз жанын кыйган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура кыздын зордукталышы боюнча иш козгоп, иликтөөнү Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына тапшырган. Кызды зордуктоого шектелген киши 2023-жылдын 23-январында кармалып, камакка алынган.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура Ленин РИИБдин кызматкерлерине жана медицина кызматкерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Далилдерди жасалмалоо» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2023-жылы опер кызматкерлер соттук медициналык экспертти жана Ленин РИИБдин эки тергөөчүсүн кармап, баарын камакка алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Зордуктоодон кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыздын иши: Шектүү, эки тергөөчү жана эксперт кармалды

«Журналисттер туура эмес чечмелешкен». Ногойбаев өспүрүм кыздар тууралуу сөзү үчүн кечирим сурады