Адвокат: Блогер Ырыс Жекшеналиевди акташат деп күтүп жатабыз

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-апрелде блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Анын жактоочусу Нурбек Сыдыковдун айтымында, отурумда тараптардын жарыш сөзү айтылып бүттү.

«Жактоо тарап одоно түрдө [жасалган] мыйзам бузууларды ачыктап көрсөттү. [...] Эми 19-апрелде Ырыс Жекшеналиевге акыркы сөз берилет. Биз, жактоо тарап актоону гана күтүп жатабыз», — деди ал.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.