«Губка даамданган самса». Оштогу «Мирзалим» кафеси блогердин видеосунан кийин оңдоп-түзөө үчүн жабылды

Улукбек Карыбек уулунун видеосунан скриншот

9-апрелде блогер Улукбек Карыбек уулу Ош шаарындагы «Мирзалим» самсанакасында санитардык нормалар бузулганын аныктаган видео жарыялады. Ал эми Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы 11-апрелде «Клоопко» аталган тамактануучу жай убактылуу оңдоп-түзөө максатында жабылганын билдирди.

Эмне болду?

Карыбек уулу жарыялаган видео тасмадан коомдук тамактануучу жайдын тазалыгы талапка жооп бербегенин жана тамак-аш даярдоодогу санитардык эрежелердин сакталбаганын көрүүгө болот.

Ошондой эле самса даярдалуучу фарштын ичине губка коюлганы белгилүү болду. Ашканада өзүн ашпоз деп тааныштырган кишинин айтымында, аталган каражат «эттин суусун тартып туруу үчүн колдонулат».

Ал эми өзүн тамактануучу жайдын ээсимин деп тааныштырган Илхом аттуу киши блогердин «санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы келгенби?» деген суроосуна «ар дайым келип турушат» деп жооп берди.

«“Оңдоп-түзөөдөн өткөр” деп айтышат, бир апта мурда эскертүү берилди. [Оңдоону] эми бүгүн баштадык», — деп билдирди ал.

Блогер берүүнүн аягында тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына кайрылып, текшерүүгө алып, иш-чараларды көрүүнү талап кылды. Аны менен катар ал текшерүүнүн жыйынтыгында кандай иш-чаралар көрүлөрүн дагы көрсөтүүнү убадалады.

«Миңдеген адамдарга чай берип, миңдеген адамдар тамактанып жаткан жердин акыбалы ушундай. Буга ким көңүл бурушу керек эле? Оштун, Кара-Суунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы эмнени карап отурушат? Эмнеге реакция кылып, текшеришпейт? Канчалаган жаш балдар тамактанып жатышат бул жерде. [...] Мындай көрүнүш болбойт, оңдош керек бул абалды», — деди Карыбек уулу.

Кара-суу райондук санэпидкөзөмөлдүн жообу

Ал эми Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Маккамбай Даминов 11-апрелде «Клоопко» «Мирзалим» кафеси оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылганын билдирди.

Даминов видеодогу өзүн кафенин ээси деп тааныштырган кишинин «бир жума мурда текшерүүгө келишкен» деген сөзүн төгүндөп, пландык кароо бир жылда бир жолу гана уруксат кагазынын негизинде жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган мораторий аяктагандан кийин 2022-жылдын башында текшерүү жүргүзүлүп, кафеге оңдоп-түзөө жана санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуштар берилгенин айтты.

«Ал эми видеодо көрсөтүлүп жаткан учурлар карабай койсоң пайда болчу нерсе экен, туурабы? Мисалы, чайнектердин ичи, идиштерди туура эмес жууп жатканы, самсанын [фаршынын] суусун мочалка менен агызганы. Ал туура эмес, негизи аны кездеме менен үстүнөн тосуп, суусун агызыш керек. [...] Учурда [кафеде] оңдоо иштери жүрүп жатат, эми септиктерден бери баарын курдурабыз, ага чейин ачылбайт», — деди Даминов.

Өткөн жылы 27-июнда «Не сахар» берүүсү Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесин текшерүүгө алып, анын санитардык абалы талапка жооп бербегени белгилүү болгон. Кийинчерээк кафе убактылуу жабылып, 41 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары аталган жай тиешелүү документтерсиз иштеп жатканы, ошондой эле шаар куруу чектөөлөрүн бузуу менен курулганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды