Путинге Кыргызстан менен биргеликте абадан коргонуу системасы жөнүндө документ көрсөтүлдү

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүшү мүмкүн. Тийиштүү макулдашууну Орусия өкмөтү Владимир Путинге көрсөттү.

Андан кийин документ Орусиянын Мамдумасына ратификациялоого киргизилет. Укуктук маалымат сайтында мамлекеттер системаны түзүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 16-августунда кол койгону айтылат.

Бирдиктүү системаны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылдын июлунда эле башталган. Анда маалымат каражаттары Кыргызстан абадан коргонуу системасын жайгаштыруу үчүн Орусияга кайтарымсыз негизде 5 гектар жер бөлүп берерин жазышкан.

Өткөн жылы Тажикстандын парламентинде дагы Орусия менен бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча ушундай эле макулдашуу колдоо тапкан. Анда өлкөнүн коргоо министри Шерали Мирзо парламентте сөз сүйлөп жатып, «террористтик жана экстремисттик топтор тарабынан учкучсуз учуучу аппараттарды кеңири пайдалануу сыяктуу аймактагы күчөп жаткан жаңы коркунучтарды жана аскердик аракеттерди эске алганда» келишимди ишке ашыруу Тажикстандын аба мейкиндигинин коопсуздугун коргоо боюнча кызыкчылыгына жооп берерин белгилеген.

«Орус-тажик биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүү маселеси буга чейин бир катар суроолорду жараткан. Ошол кезде эксперттердин бир бөлүгү мындай системанын керектигин айтышса, башка серепчилер аба мейкиндигин Москванын көзөмөлүнө берип жатат деп Дүйшөмбүнү сындашкан», — деп жазган «Озоди радиосу».

Тема боюнча: 

Кыргызстан менен Орусия абадан коргонуу системасын түзүшү мүмкүн