Муфтият: Ажылык сапардын жалпы чыгымы 3900 доллар деп бааланды

Быйыл Кыргызстандын жарандары үчүн ажылык сапардын баасы 3 миң 900 доллар деп баалынды. Бул тууралуу 12-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Каражаттын 1360 доллары Сауд Арабиянын Мэкке шаарына барып-келүү үчүн учак билети, 2000 доллардан ашыгы мейманкана, тамак-аш жана транспортко жумшалса, 460 доллары ажылык үчүн кийим тиктирүүгө сарпталат.

Муфтияттан ажылыкка баруу үчүн 1000 доллар баштапкы төлөм менен каттоодон өткөндөр 12-апрелден 17-апрелге чейин РСК банк аркылуу калган 2900 долларды төлөөгө тийиш экенин белгилешти.

Ажылык — бул Ислам дининин эрежелерине ылайык, мусулмандарга жүктөлгөн парздардын бири. Ар бир мусулман адам өз өмүрүндө жок дегенде бир жолу Меккеге ажылыкка барып келиши зарыл.

Быйыл Сауд Арабиясы ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлгөн. Зыярат июнь айынын соңунда башталат. Ал эми өткөн жылы кыргызстандыктар үчүн 2766 орун бөлүнүп, зыяраттын баасы 4 мин 500 долларды түзгөн.

Автор: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Муфтият: Ажылык сапарга катталгандар үчүн баштапкы төлөм миң долларды түзөт»