Парламент өлкөдө акы төлөнүүчү жолдорду түзүүнү шарттаган мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеште 12-апрелде «Автомобиль жолдору жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын өлкөдө акы төлөнүүчү жолдорду түзүүсүн, уюштуруусун жана эксплуатациялоосун, ошондой эле аларды куруу, реконструкциялоо жана башкарууда инвесторлордун катышуусуна түрткү берүүсүн шарттайт.

Документти талкуулоо учурунда депутаттар аймактардын ички жолдорун өнүктүрүү, республикалык маанидеги жолдорду куруу жана реконструкциялоо маселелерин көтөрүштү.

Эмне үчүн жолдордон акы алууну каалашууда?

Транспорт министрлиги републикалык бюджеттин өлкөдөгү бар автожолдорду оңдоп жана калыбына келтирүүгө чамасы жетпесин 2019-жылы эле айтып чыккан.

Транспорт министрлиги жолдордон акы алуу менен республикалык бюджетке келип аткан жүктү жеңилдеткиси келет: акы төлөнчү жолдордон түшкөн каражатты аларды оңдоого жана жакшыртууга жумшашат. Бирок ведомствонун эсебине ылайык, бул каражаттар жалпы муктаждыктын болгону 50 пайызын гана камсыздай алат. Министрлик баары бир эле республикалык бюджетке кайрылууга аргасыз болот.

Акы төлөнчү жолдорду киргизүүнүн экинчи себеби — бул Кыргызстан өлкөнүн ири жолдорун оңдоого же калыбына келтирүүгө алган карыздары.

Башкы бетке иллюстративдүү сүрөт коюлду.