Баткен: Кызыл-Кыяда 70тей бала машиналардын айнегин талкалап, милицияга таш ыргытышты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 13-апрелге караган түнү 60тан ашык өспүрүм машиналардын айнегин талкалап, милиционерлерге таш ыргытышты. Бул тууралуу облустук ИИБден билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, 13-апрелде түнкү саат 01:35 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнө Новая көчөсүндө белгисиз балдардын тобу ызы-чуу салып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

ИИБден билдиришкендей, жерине келген милионерлер 60-70 чакты бала колдоруна союл жана таштарды көтөрүп алып токтоп турган унаалардын айнегин талкалап жатышканын аныкташкан.

«Милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, алар милиция кызматкерлеринин автоунааларына таш ыргытышкан. Жыйынтыгында милиция кызматкерлерине жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.

Бейбаштыкты токтотуу үчүн милиция кызматкерлери табелдик тапанчадан бир нече жолу абага ок чыгарууга аргасыз болушкан. Ошондон кийин гана балдар туш-тарапка качышкан.

Милиция «Айгай» көтөрүп, укук коргоо орган кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн шаарды курчоого алышкан. Түн ичинде 14 өспүрүм кармалган. Учурда алардын окуяга катыштыгы такталып жатат.

13-апрелге караган түнү болгон окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып,териштирүү иштери жүрүп жатат.