Тыныбекова: Былтыркы жыл мен үчүн ийгиликсиз болду, азыр өзүм менен өзүм күрөштүм

Айсулуу Тыныбекова 12-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утуп, Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду. Жеңиштен кийин ал күйөрмандарына сезимдери менен бөлүштү.

«Былтыркы жыл мен үчүн абдан ийгиликсиз жыл болгон, ошондуктан бул чемпионат мен үчүн сыноо болду. [...] Бүгүнкү күнү мен өзүм менен өзүм күрөштүм. Жыл башынан бери олуттуу сыноолорду башымдан өткөрүп жатам. Адамдардын баары эле бир гана жетишкендикти, биздин пьедесталда турганыбызды көрүшөт [...] Артта көптөгөн эмгек, оор мезгилдер турат. Биринчи кезекте өзүмө “Азаматсың!” деп айтмакчымын. Баарына туруштук бергеним үчүн өзүм менен сыймыктанам. Алдыда дүйнө чемпионаты турат, кылдат даярданабыз. Бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Айсулуу Тыныбекова эки жолку дүйнө чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси. Ошондой эле Азия оюндарынын жана башка көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.