Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатын бешинчи ирет жеңди

Балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатын утуп, Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду.

Тыныбекова (62 кг чейин) мелдештин 1/4 финалдык беттешинде өзбекстандык спортчуну 13 секундда багындырды. Ал эми жарым финалда жапон балбанын 2:2 эсебинде артыкчылык менен жеңип, финалга жолдомо алды.

Чемпиондук үчүн беттеште Монголиядан келген атаандашын 9:4 эсеби менен артта калтырды.

Айсулуу Тыныбекова — кыргыз күрөшүнүн тарыхындагы жалгыз дүйнөнүн эки жолку, Азиянын беш жолку чемпиону. Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси.

Астанадагы Азия чемпионаты

Коңшу Казакстандын борборунда өтүп жаткан бул беделдүү турнирде кыргыз балбандарынын куржунунда жалпы 10 медаль болду.

Тыныбекованын медалы кыз-келиндер күрөшүндөгү үчүнчү медаль. Буга чейин Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күмүш, Калмира Билимбек кызы (59 кг чейин) коло багындырышкан.

Мээрим Жуманазарова коло үчүн болгон беттеште күрөшүп жатып мурду канап, кан токтобой койгондуктан Азия чемпионатынан четтетилип калган.

Ал эми 9-10-апрелде болуп өткөн грек-рим күрөшүндө Акжол Махмудов (77 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан.

Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) күмүш медалды алып келсе, үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (67 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) жеңген.

Бул Азия чемпионатынын алкагында 13-14-апрель күндөрү эркин күрөштүн балбандары килем үстүнө чыгат.