БУУ Жалал-Абаддын тургуну 11 жыл мурда укук коргоо органдары тарабынан кыйноого алынганын ырастады

Иллюстритивдик сүрөт.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын туругуну, ырчы Белек Курманбеков 11 жыл мурда укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылганын ырастады. Бул тууралуу 14-апрелде «Справедливость» уюмунан билдиришти.

Мааламатка ылайык, Курманбеков 2012-жылы «адам өлтүрүүгө» шектелип кармалган. Кармоо учурунда анын үйүнө 15 милиция кызматкери келип, катуу сабап, эс-учун жоготкон абалда алып кетишкен.

«Күбөлөрдүн айтымында, андан тышкары арачага түшкөн туугандары, алардын ичинде экинчи топтогу майыптыгы бар апасы, таежеси жана жубайы сабалган. Кызматкерлер Белектин аялын “чачын кырып, түрмөгө отургузуп, алмак-салмак зордуктайбыз” деп коркутуп, окуяга катыштыгы бар деп айыпташкан. Белекти аялынын көз алдында башына мүшөк кийгизип кыйнашкан», — деп белгилешти уюмдан.

Эртеси күнү Курманбековду Аксы РИИБине алып барып, милиция «бейбаштык негизде жергиликтүү тургунду өлтүрүүгө» айыпташкан. Уюмдан сурак учурунда тергөөчүлөр «күнөөнү мойнуна алдыруу учун Курманбекову кыйнаган» деп белгилешти.

Кийин Курманбеков 13 жылга кесилген. Алты жыл абакта жатып, кийинчерээк мунапыс менен бошотулган.

«Курманбековдун кыйноого кабылганын прокуратура жана бардык инстанциядагы соттор кабыл алган эмес. Укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга аргасыз болушкан» — дешти уюмдан.

Ал эми БУУнун комитети Курманбековдун эркиндиги, анын ичинде кол тийбестиги боюнча укугу, натыйжалуу тергөө жана көрсөтмө берүүдө мажбурлабоо, кыйноого албоо укугу бузулганын ырасташты.

Азыркы тапта «Справедливость» уюмунун жактоочулары БУУнун чечимин ишке ашыруу, Курманбековго карата сот чыгарган өкүмдү жокко чыгаруу, кыйноо фактыларын тергөө жана компенсация төлөтүү боюнча иш алып барышууда.

2020-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Сузак районунун тургуну Жанышбек Халмаматов 2009-жылы кыйноолорго кабылганын ырастаган. Анда БУУнун комитети мамлекеттик органдар кыйноолор тууралуу арызды жетишерлик деңгээлде тергөө жүргүзбөгөнүн билдиришкен.

Автор: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

БУУ 11 жыл мурун соттолгон сузактык кишиден көрсөтмө кыйноолор алдында алынганын билдирди