Зулушев Ош прокуратурасынын кызматкеринен табылган уурдалган унаа тууралуу түшүндүрмө берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында прокуратура кызматкери Алмазбек Абжалиевдин үйүнөн табылган уурдалган унаа боюнча түшүндүрмө берди.

«Кызматтык иликтөө боюнча, түнкү саат 01:00 менен 02:00дун ортосунда Түркияда өзүнүн жакын досу байланышып, “унаамды үйүңө токтотуп койчу” деп суранган экен. Бул боюнча телефондо далилдер бар. Ошол боюнча алып келип короого токтотуп койгом дейт. Эми буга тергөө баа берет», — деди ал.

Зулушев бул ишти ИИМ тергеп жатат деп ишендирди. Ал эгер Абжалиевдин күнөөсү далилденсе, жазадан кутулбайт деп кошумчалады.

Уурдалган унаа Ош пракуратурасынын кызматкери Алмазбек Абжалиевден табылганы тууралуу 11-апрелде белгилүү болгон. Kaktus.Media’нын маалыматына ылайык, белгисиз адамдар унаанын ээсин карактап, Бишкектин четине алып барышкан.

«Эркек киши колу-буту скотч менен байланган абалда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы талаадан табылды, анын Range Rover үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкени белгилүү болду», — деп жазган басылма.

Жабырлануучу арыз жазган. Милиция кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүндө үч шектүүнү кармаган, ал эми унаа Оштогу көп кабаттуу үйдүн короосунан табылган. Басылманын маалыматына ылайык, Алмазбек Абжалиев ошондо кармалган.