Ак-Суу: Психоневрологиялык ооруканада бейтаптын сөөгү карагайга асылган абалда табылды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеде бейтаптын сөөгү карагайда асылган абалда табылды. Бул тууралуу 13-апрелде Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде улуттук борбордун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө 6-февралдан бери издөөдө жүргөн ооруканадагы аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бейтаптын денеси эки айдан бери карагайга асылып турган. Азыркы тапта бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

«Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери эксперт менен кошо стационарга барып, жетекчилик менен жолугушту. Каза болгон аял менен бир бөлмөдө жаткан бейтаптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, окуя болгон жерди карап чыгышты. Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголгон, экспертизанын корутундусу күтүлүп жатат», — деп белгилешти улуттук борбордон.