«Кылмышты жашыруу токтоп калды» — Аширхожаев балдарга карата зомбулуктун өсүшү тууралуу

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев 17-апрелде парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун саны 20-25%га өскөнүн билдирди.

Аширхожаев кайсыл убакыт аралыгы тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок, бирок зомбулуктун өсүп жатышын буга чейин мындай окуялар ачыкка чыкпай келгени менен түшүндүрдү.

«Мунун баарынын себеби, мен биринчиден айтат элем, коомдо ачыкка чыгып, ачык талкуу болуп [жатканына байланыштуу]. Мурда болсо, илгерки заманда, 5-6 жыл мурда деле мындай кылмыштар болсо “уят” деп ата-энелер өздөрү катып [жүрчү]. Мындай кылмыштарды көп ачыкка чыгарышчу эмес, көп кайрылышчу эмес. Жабык аяк жабык бойдон калып калчу. Азыр болсо, коомдо активдүү талкуу болуп, бул көйгөй экени ар бир адамга, ар бир үй-бүлөгө жетип, мурдагыдай болуп кылмышты жаап-жашыруу токтоп калды, жабырлануучулардын өздөрү тарабынан. Ошол себептен бизде азыр көп фактылар катталып атат», — деди ал.

Ал ошондой эле укук коргоо органдары балдарды зордуктоо фактыларын иликтөөгө өзгөчө көңүл буруп жатышканын кошумчалады.

Кыргызстанда жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көйгөйү көп жылдан бери эле актуалдуу болуп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.