УКМК: Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев коррупцияга шектелип кармалды

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 18-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы жеке үйлөр борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Самаевге берилип турган.

Аталган факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмак шаарына мэр болуп шайланган. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Самаевдин айланасындагы чуу

Самаевдин ысымы бир нече чуулгандуу иштерде аталган. 2020-жылдын октябрындагы саясий кризис учурунда, ошол кездеги депутат Аида Касымалиева Самаев аны Садыр Жапаровду колдобогону үчүн коркутканын айтып чыккан. Анда Самаев парламенттеги кесиптеши калп айтып жатканын баса белгилеген.

2019-жылы январда Токмок шаарына жакын жердеги күйүүчү май ташыган аткезчилердин ок атышуусунда да Самаевдин аты аталган.

Экс-депутаттын позициясы улам алмашып турган — адегенде ал атышуу болгон күнү Токмокто эмес, Кеминде жүргөнүн айткан, кийин акыры Токмок шаарында болгонун мойнуна алган. Ал окуяда жабыркагандардын бири ага Дастан аттуу Жогорку Кеңештин «Чемпион» каймана аты бар депутатынын тууганы ок чыгарганын билдирген.

Кийинчерээк, депутат ок атышуу учурунда Токмокто болгонун жана «тараптарды элдештиргенин» мойнуна алган, ал эми атышуунун катышуучусу Аскат Үсөнов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, «жардам сурап жана депутат Самаевден коргоп калууну» өтүнгөн.

Мындай өтмүшүнө карабай, ошол эле жылдын июнь айында, ок атышуудан көп өтпөй Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Урмат Самаев Токмок шаарына мэр болуп шайланды

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды