УКМК: Ошто чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эл аралык террордук уюмга тиешеси бар жарандар кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМК

Ош шаарында «Тавхид ва жихад катибаси» террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар деп шектелип Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн жарандар кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн.

Бул факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмүнүн бирдиктүү реестрине «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү» беренесинин негизинде катталып, шектүүлөрдүн бири Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин 2022-жылы 23-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун активдүү эки мүчөсү кармалган.

Шектүүлөр Сириядагы куралдуу кагылышка катышып жаткан террордук уюму менен тыгыз байланышта болуп, берилген тапшырмаларды аткарып жүрүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун эки мүчөсү кармалды