Өзгөн: Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун эки мүчөсү кармалды

Ош облусунун Өзгөн шаарында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн террордук уюмдун активдүү эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Териштирүү учурунда шектүүлөр Сириядагы куралдуу кагылышка катышып жаткан «Таухид валь Жихад» террордук уюму менен тыгыз байланышта болуп, берилген тапшырмаларды аткарып жүргөнү белгилүү болду.

«Кармалгандар интернет тармагында жана тургундар арасында террордук уюмга көмөктөшүү боюнча үгүт ишин жүргүзүп, экстремисттик материалдарды жайылтып жүргөн», — деп белгилешти шаардык милициядан.

Шектүүлөрдү кармоо учуру. Сүрө: Ош ШИИБи.

Кармалган кишилер Өзгөн шаарынын 23 жаштагы жана 26 жаштагы тургундары экени аныкталды.

Ош шаардык милициясы шектүүлөр Ош эл аралык аэропортунан Түркияга учуп барып, Сириядагы согуштук аймакка өтө албай, Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанды транзит катары пайдаланып, адамдарды азгырып, Сириянын согуш жүрүп жаткан аймагына чыгып кетүүнү көздөгөн эки шектүү кармалган.

Кыргыз бийлигинин 2021-жылдагы маалыматына ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп саналат, анткен менен аялдар жана балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Кыргызстандыктарды Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында өз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуациялоону убадалаган. Аларды Кыргызстанга алып келүү тууралуу дагы сөз болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам иш токтоп калган.

Тема боюнча:

УКМК: Сириядагы согушка азгырууга шектелип чет элдик эки киши кармалды

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне