Фармацевтикалык компаниянын директору УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара берип жатканда кармалды

Фармацевтикалык ишкананын жетекчиси УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдөгү салыкты жашыруу үчүн 40 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу 20-апрелде УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жараанга таандык фармацевтикалык ишкана 17 миллион сом суммадагы салыктан качуу факты табылган. Андан соң фармкомпания бул факт боюнча апелляция жиберип, ал даттанууну жогору турган салык органы канааттандырган.

«Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ишкананын директору жана ортомчу УКМКнын кызматкери комитеттин тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин УКМК Forester компаниясы тарабынан салык төлөөдө алдамчылык схемаларын аныктап, бул иш боюнча салык кызматынын 10 кызматкери жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалып, мамлекеттик казынага келтирген 100 млн сомдук зыяндын орду толугу менен толтурулган.

2023-жылдын январь айында УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү жергиликтүү тургундан иш козгоону токтотуу үчүн 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Автор: Бурулсун Жумалиева