Корея өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 4 тез жардам унаасын тапшырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Корея мамлекетинен 4 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу 19-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде тез жардам унааларын расмий кабыл алуу иш-чарасы болуп, ага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Кореянын GO&DO социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү катышты.

Унаалар эки өлкөнүн макулдашуусунун негизинде, Кореянын Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ажикеев Кёнгидо провинциясынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тез жардам унааларын Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшкон GO&DO социалдык камсыздандыруу фондуна ыраазычылык билдирди.

Буга чейин 2021-жылдын башында Ислам өнүктүрүү банкы Саламаттык сактоо министрлигине 66 жаңы тез жардам унаасын белек катары берген. Алар эки баскыч менен өлкөнүн жети облусундагы медициналык мекемелерге бөлүнүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ислам Өнүктүрүү банкы Кыргызстанга жалпысынан 66 тез жардам унаасын тапшырды