Салык кызматы: Ош шаарында биринчи ирет ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында биринчи жолу Ишкерлерди тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу 20-апрелде Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун расмий ачылышына Салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты.

Тейлөө борборунун негизги максаты — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана аларды алуу мөөнөтүн кыскартуу. Ошондой эле ишкерлерге сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү болуп саналат.

«Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши аймактагы бизнес-климатты жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Борбордо Салык кызматынан тышкары төмөндөгү мамлекеттик органдар жана уюмдар кызмат көрсөтөт:

  • Банктар;
  • Юстиция министрлиги;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
  • Баалуу металлдар департаменти;
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы;
  • Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору, жана башка.

Ишкерлерди тейлөө борбору 2021-жылы ноябрда Бишкек шаарында дагы иштей баштаган.