13 балага Кыргызстанда жасалган протездер бекер берилди

24-апрелде 13 балага «Киби» протез колдору бекер берилди. Бул тууралуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине таянып «Кабар» улуттук маалымат агенттиги жазды.

Протездерди жасоого бюджеттен 1 миллион 800 миң сомго чукул каражат бөлүнгөн. Аларды Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин протез-техниктери орусиялык Motorika компаниясынын тетиктерин колдонуп жасашты. Протездер электроникасыз иштейт жана сууга чыдамдуу.

Протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова майыптыгы бар балдар кичинекей кезден эле функционалдык протездерди колдоно башташы керек деп белгиледи.

«Колго тагылчу протездер функцияны гана жакшыртпастан, ден-соолукту бузуучу жагымсыз көйгөйлөрдү алдын алып, дайыма тонусту сактап, балдарды машыктырууга мүмкүндүк берет», — деди ал.

Солтонбекованын айтымында, «Киби» протездери баланын протезди «денесинин бир бөлүгү катары» кабыл алуусун калыптандырат.

Өлкөдө алгачкы жолу балдар үчүн активдүү «Киби» протези үстүбүздөгү жылдын февраль айында жасалган.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандык протез жасаган адистер атайын окуудан өтүп, протез жасоо боюнча сертификатка ээ болушкан. Окутуу Протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси, Motorika компаниясы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ортосундагы 2022-жылы кол коюлган келишимдин негизинде уюштурулган.