Программисттер Chrome үчүн «Киргизия» сөзүн «Кыргызстанга» өзгөрткөн кеңейтме түзүштү

Birtops креативдүү агенттиги көз карандысыз программисттерден турган топ менен Google Chrome браузеринин десктоп-версиясы үчүн атайын кеңейтме түзүштү. Ал өлкөнүн эски аталышы — «Киргизияны» «Кыргызстан» деп өзгөртөт.

Алардын айтымында, демилгенин максаты — көз карандысыз өлкөнүн орус тилинде кантип туура аталары боюнча жалпы позицияны билдирүү жана орус тилдүү интернетте өлкөнүн туура эмес аталышын оңдоону тездетүү болуп саналат.

Кыргызстан тууралуу Википедиядагы материалдын скриншоту. Кеңейтмеде «Киргизия» сөзү «Кыргызстан» деген туура аталышка оңдолду.

Алар Кыргызстандын түптөлгөнүнө 30 жыл болгонуна карабастан «көпчүлүк орус тилдүү ЖМК, блогерлер жана расмий бийлик өкүлдөрү туура эмес аталыш менен — “Киргизия” деп атоону улантып келишкенин» белгилешти. Ошондой эле өлкөнүн туура аталышын — «Кыргызстанды» колдонууга чакырышты.

«Айрымдарга обужоктук же баш айлантуучу нерсе катары саналса, өлкөнүн жашоочулары үчүн мамлекетинин аталышын аныктоо укугу гана эмес, тарыхий адилеттүлүктү калыбына келтирүү, башка нерселерден тышкары саясий куугунттук, репрессия жана маданий өзгөчөлүктү басуу менен эсте калган совет доорунан, колониалдык өтмүштөн арылуу болуп саналат», — деп белгилешти кеңейтменин авторлору.

Аны бул шилтеме аркылуу өтүп, көчүрүп алса болот.

Аны менен катар, кеңейтмени түзгөндөр change.org сайтында бардык орус тилдүү коомчулукту республиканы Кыргызстан деп атоого чакырган онлайн петиция жарыялашты. Алар өлкөдөгү кайдыгер эмес бардык жарандан кол коюуну өтүнүштү.

Кол топтоо мөөнөтү аяктаган соң ал Кыргызстандын ТИМине, орус тилдүү медиага жана Кыргызстан тууралуу орус тилиндеги макалаларды расмий түрдө оңдоо өтүнүчү менен Википедияга жөнөтүлөт.

Киргизия эмес Кыргызстан

Соцтармактын кыргыз сегментинде республиканын аталышын туура айтуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. «Баштан Башта» кыймылынын активисттери «Кыргызстан» эмес «Киргизия» деген аталышты колдонуу — бул «колониялдык режимден кийинки кодулоо» деп белгилешкен.

«Башта» долбоорунун журналисттери видеолорунда Баш мыйзамга ылайык, өлкөнү орус тилинде эки вариантта — «Кыргызская Республика» жана «Кыргызстан» деп атаса болорун белгилешкен. Ошол себептен, Кыргызстанды «Киргизия» деп атоо — туура эмес.

Кыргызстанды Орусиянын көпчүлүк саясатчылары «Киргизия» деп аташат. Бирок 1991-жылдан бери Киргизия (Киргизская ССР) деген өлкө жок, дал ушул жылы республика Советтер Союзунун курамынан чыккан. Бирок, орусиялык дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторунда Кыргызстан дагы деле «Киргизия» же «Киргизская республика» деп көрсөтүлүп келет.