Сүрөт: Бишкектеги айт намазына 40 миңдей адам чогулуп, президент дагы катышты

21-апрелде эртең менен Бишкектеги эски аянтта Орозо айт намазы окулду. Ага 40 миңдей адам катышты.

Намаз башталганга чейин чогулдандардын алдында муфтий Замир Ракиев баян кылып, өлкөдө тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн деп дуа кылды.

Айт намазына президент Садыр Жапаров жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров баштаган аткаминерлер да катышты.

Ага дейре өлкө башчынын сайтында Жапаровдун куттуктоосу жарыяланды. Ал ар бир үй-бүлөгө бакыт, тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

«Мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы - Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!» , — деди ал.

Орозо айт майрамына карата айт намазы өлкөнүн бардык мечитинде окулду. Ош шаарынын борбордук аянтындагы айт намазына 11 миңге чукул адам катышты.

Орозо айт— мусулмандардын диний майрамы. Ал ыйык Орозо айы бүткөндө белгиленет. Бул ирет Орозо айы 23-мартка караган түнү башталган.