Статистика комитети: Кыргызстанда жашоо минимуму 7,5 миң сомду түздү

Өлкөдө 2023-жылдын үч айына карата жашоо минимуму 7501 сом 97 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагыларга 8363 сом, пенсия курагындагыларга 6650 сом деп белгиленсе, балдар үчүн 6415 сомду түздү.

Быйылкы жылдын үч айына карата негизги шаарлардагы жана аймактардагы жашоо минимумумун көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары — 7650 сом;
  • Ош шаары — 7490 сом;
  • Баткен облусу — 7352 сом;
  • Жалал-Абад — 7789 сом;
  • Ысык-Көл — 6974 сом;
  • Нарын — 7545 сом;
  • Ош — 6994 сом;
  • Талас — 6862 сом;
  • Чүй — 7243 сом;

Өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата жашоо минимуму 6813 сом 6 тыйын деп белгиленсе. Эмгекке жөндөмдүү курактагылар үчүн 7612 сом, пенсия курагындагыларга 6066 сом, балдар үчүн 5796 сомду түзгөн.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук статком: Тамак-аш былтыркыга салыштырмалуу 14%га кымбаттады