Бир видео менен: Кеминде туристтер үчүн өлкөдөгү биринчи Rest Points түйүнү ачылды

​Ысык-Көл облусуна бараткандагы Кемин шаарында туристтер үчүн өлкөдөгү биринчи заманбап Rest Points түйүнү ачылды. Бул тууралуу Туроператорлор ассоциациясынын башчысы Сергей Глуховеров билдирди.

Туристтер жол баратып Rest Points’ке токтоп, дүкөндөн азык-түлүк алып, заманбап даараткана жана жуунучу жайларын колдонуп, ошондой эле гаджеттерин кубаттап алса болот. Глуховеровдун айтымында, Rest Points Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ачылган.

«Азыр биз, айрыкча туризмде иштегендер, туристтерге жол боюна токтоп, эски коомдук дааратканаларга же таалага барууну сунуштап уят болбой калабыз деп кубанып турабыз», — дейт ал.

Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду туристтер үчүн мындай түйүндөрдү ачуу демилгеленип жатканын 2022-жылдын май айында эле билдирген. Анда фонддон, өлкө боюнча мындай 68 түйүн ачуу пландалып жатканын дагы кошумчалашкан.