Спикер баштаган бир нече депутат расмий иш сапары менен Орусияга учуп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана парламенттин 9 депутаты расмий иш сапар менен Орусияда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар расмий сапардын алкагында Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.

Басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Бүгүн ошондой эле, президент Садыр Жапаров Орусия Федерациясына расмий иш сапар менен барып, 9-майга карата Москвада өтүүчү парадга катышаары белгилүү болду.

Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Жапаров Владимир Путин менен күн тартибиндеги эки тараптуу жана көп тараптуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан тышкары, өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланат.

Кыргызстан орус армиясы 2022-жылы февралда Украинага кол салганына карабастан Орусия менен достук мамиледе болуп келген саналуу өлкөлөрдүн бири.

Өлкөнүн расмий адамдары Орусиянын Украинага бастырып кириши боюнча Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын айтып келишет. Бирок иш жүзүндө Кыргызстан Орусияга батыштын экономикалык санкцияларынан буйтап өтүүгө жардам бере турган өлкөлөрдүн бири болду.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, соңку жылы Орусияга жасалган реэкспорттон Кыргызстан 36 млрд сом пайда көргөн.

Дагы окууңуз: Империалисттик Кыргызстан. Эмне үчүн өлкөдө Орусияны колдоп жатышат